Төкмө акын Кутман Садыбакасов үйлөндү
RU

Төкмө акын Кутман Садыбакасов үйлөндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаш төкмөлөрдүн бири, бир катар айтыштардын жеңүүчүсү Кутман Садыбакасов үйлөндү. Ал Сымбат айым менен үй-бүлө куруп, ак тою Бишкектеги тойканалардын биринде өттү.

Коноктордун алдына эки жашты Баян Акматов, Кубат Тукешов алып чыкты. Түгөйлөрдүн жакшылыгына Кыргыз Республикасынын Эл акындары баш болгон өнөр адамдары ортоктош болушту.

Белгилесек, Кутман Садыбакасов 22 жашта, Нарындын кулуну. Ал улуу өнөрдү эле алып жүрүү менен чектелбей, ырдап дагы жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13265