Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалды
RU

Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда эки күндүк ымыркайга стент коюу операциясы алгачкы ирет жасалды. Маалыматты Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Белгилүү болгондой, операция Ош шаарындагы Кыргыз-орус клиникасынын базасында жасалды. Ымыркайдын абалы өтө оор болгон.

"Наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен өлкөнүн башкы кардиохирургиялык борборунан (НИИКХТО) кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор, эндоваскулярдык хирургдар бригадасы барышкан. Уникалдуу операция кесилбей, тамырды тешүү аркылуу жасалды. Ар бир мүнөт маанилүү болду. Баланын абалы турукташып калды", - дешти институттан.

Дарыгерлер мындай операциялар өнүккөн өлкөлөрдө көп убакыттан бери жасаларын, Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашканын белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13267