Новосибирскте кыргызстандык таксист зордуктоого аракет кылган деп айыпталууда
RU

Новосибирскте кыргызстандык таксист зордуктоого аракет кылган деп айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Миссис Сибирь-2016" сулуулар сынагынын финалисти Виктория Головко кыргызстандык таксистти зордуктоого аракет кылган деп айыптады. Бул тууралуу бир катар россиялык басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, окуя ушул жылдын июнь айында орун алган. Анда Виктория Головко туулган күнүн ресторанда белгилеп, таңга маал үйүнө кайтканда болгон. Айдоочу подъездге жеткенде арткы орундукка өтүп, ыплас аракет жасап баштаган.

"24 жаштагы таксист жүргүнчүсүн зордуктоого аракет кылган, бирок кардар качууга үлгүгүргөн. Чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата кылмыш иши тергелип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми айдоочу күнөөсүн моюнга алган эмес, айтымында, жүргүнчү унаада уктап калып, аны ойготмокчу болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13269