Токтотулган унаанын жүргүнчүлөрү милиция кызматкерин сабап кетишкен
RU

Токтотулган унаанын жүргүнчүлөрү милиция кызматкерин сабап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто эки адам патрулдук милиция кызматкерин сабап салышкан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, милиция Daewoo Nexia унаасын токтотуп, айдоочунун документтерин текшере баштаган. Ошол маалда унаадан эки жүргүнчү түшүп, милиционерди сабап башташкан.

Жабырлануучу ооруканага кайрылган. Кылмышка шектүүлөр кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тартип бузгандарга карата "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Кылмышка шектүүлөр аныкталып, камакка алынды. Ош шаардык сотунун чечими менен экөө тең СИЗОго киргизилди.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири 23 жашта, экинчиси 18 жашта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13274