Сокулукта ишкердик кылган кишини Ноокатка уурдап кеткендер кармалды
RU

Сокулукта ишкердик кылган кишини Ноокатка уурдап кеткендер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкерди Сокулуктан Ноокатка уурдап кеткен жарандар аныкталды. ИИМдин маалыматы боюнча, шектүүлөр өздөрүн күч түзүмүнүн кызматкерлери деп тааныштырган.

22-июнь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 46 жаштагы тууганын ошол эле күнү Сокулуктагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдар (өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин иштейбиз деп тааныштырган) күч колдонуп, BMW X-5 унаасына салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген. Уурдалган жаран ишкердик менен алектенип жүргөнүн белгилеген.

Топтолгон документтердин негизинде 165-берене ("Адам уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө камерага түшүп калган видеонун жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Маалым болгондой, унаа бир жума мурда башка адамдарга сатылып кеткен.

Милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн унаанын изине түшүп, шектүүлөр Ноокат районунан табылган. Алынган маалыматка караганда, ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган.

Кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А. уулу К. жана 2000-жылы туулган Б. уулу Ш. кармалган. Алар Ноокат районунда туулуп-өскөн, учурда Бишкек шаарында жашай турганы такталды.

Соттун чечими менен кармалгандар эки айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13284