Тамчыдагы аэропорттун шыбынан суу агып... Маселе жарым саатта чечилгени маалымдалды
RU

Тамчыдагы аэропорттун шыбынан суу агып... Маселе жарым саатта чечилгени маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамчы айылында жайгашкан аэропорттун шыбынан жамгырдын суусу агып жаткан видео социалдык тармактарга тарады. Интернет колдонуучулар бул көрүнүштү "уят" деп баалашып, нааразы болушкан.

Талкууга алынган видео боюнча "Манас" эл аралык аэропортунан комментарий беришти.

"Кечээ, 6-июлда Тамчы айылында мөндүр аралашкан жамгыр жааган. Мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада "Ысык-Көл" аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен.

Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген.

Ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок", - дешти аэропорттон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13287