Баткенде абитуриенттер жеңилдиктерди алышат. ЖОЖго тапшыруу үчүн босого балл белгиленди
RU

Баткенде абитуриенттер жеңилдиктерди алышат. ЖОЖго тапшыруу үчүн босого балл белгиленди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу бекиди.

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн:

  • негизги тесттин босого баллы - 115;
  • предметтик тест - 60.

Педагогика багыттарына келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына:

  • негизги тест боюнча – 110;
  • предметтик тест – 60 балл.

I жана II топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары):

  • бюджеттик орундарга негизги тест -105;
  • келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест -100 балл болуп бекитилди.

Ал эми Баткен мамлекеттик университетине тапшырууну каалаган абитуриенттерге жеңилдик түзүлдү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдердин макулдашуусунун натыйжасында, билим берүү жана илим министринин "Баткен мамлекеттик университетинин абитуриенттери үчүн ЖРТнын босого баллын бекитүү жөнүндө" буйругу чыкты.

Ага ылайык, БатМУга 2023-2024-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууда гранттык негизде 100 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына 95 балл деп бекитилди.

Бул жеңилдиктин максаты - акыркы эки жылда Баткен облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин эске алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13289