Оң рулдуу унаалардын катышуусунда коркунучтуу кырсыктар күндөн-күнгө көп катталууда
RU

Оң рулдуу унаалардын катышуусунда коркунучтуу кырсыктар күндөн-күнгө көп катталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы убакта оң рулдуу унаалардын катышуусунда өзгөчө оор жол кырсыктары көбөйдү. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коомсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Талдоо боюнча, Кыргызстанда оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу унааларда болот", - деп МАИ кызматы коомчулукка жарыяланган соңку учурларды эске салды:

  • 2023-жылдын 28-майында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 78-чакырымында оң рулдуу Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын катышуусундагы жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам ошол жерден каза болгон, анын ичинен экөө жаш балдар;
  • 2023-жылдын 6-июнунда Бишкек-Ош унаа жолунун 179-чакырымында оң рулдуу Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, алты адам каза болгон.

Бул кырсыктардын себеби оң рулдуу унаалардын каршы тилкеге ​​чыгып кетиши менен аныкталган. Башкармалык Кыргызстандагы оң рулдуу унаалардын жол кыймылына ыңгайлашпаганынын негизги себеби деп эсептейт.

Оң рулдуу унаалардын айдоочуларынан алдыдагы унаадан озуп өтүүдө, ошондой эле маневр жасоодо ылдамдыкты азайтып, жол эрежесин так сактоону суранабыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13297