Президент циркке күтүүсүз текшерүү менен барып, оңдоо иштери качан башталарын айтты
RU

Президент циркке күтүүсүз текшерүү менен барып, оңдоо иштери качан башталарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Мамлекеттик циркти капиталдык реконструкциялоону тапшырды. Ал 7-июлда А.Изибаев атындагы мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, мамлекет башчы имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты.

Циркти капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаттары бөлүнүп, жакынкы арада оңдоо иштери башталарын белгиледи президент.

Мындан тышкары бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда цирктин директору кызматына талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүп жатат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүү үчүн биргеликте умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болуучу топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды.

Ошондой эле цирк кызматкерлери тарабынан айтылган маселелер боюнча башка да тапшырмалар берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13300