Эрдоган Украина НАТОго мүчө болуп кирүүгө татыктуу деп билдирди
RU

Эрдоган Украина НАТОго мүчө болуп кирүүгө татыктуу деп билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен Стамбулда өткөн сүйлөшүүсүндө тынчтыкка жетишилгенден кийин, Россия менен Украинанын ортосунда жеңилген тарап болбой турганын белгиледи. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Биз азыркы пикир келишпестиктерге карабай эки тарап тең тынчтыкта жашоого кайтышын чын дилибизден каалайбыз", - деди Эрдоган.

Эрдогандын айтымында, Украина НАТОго мүчө болуп кирүүгө татыктуу, ал эми Түркия жаңжалды сүйлөшүү жолу менен токтотууга болгон күчүн жумшайт. Ошондой эле Эрдоган августта Россиянын президенти иш сапары менен Анкарага келе турганын кошумчалады.

"Жакынкы айда Путин мырза Түркияга иш сапары менен келет. Анда дагы бетме-бет отуруп туткундагы аскерлерди алмашуу маселесин талкуулайбыз", - деди Түркиянын президенти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13310