Көңүл бургула! Төө-Ашуудагы тоннель кийинки жумада он саатка жабылат
RU

Көңүл бургула! Төө-Ашуудагы тоннель кийинки жумада он саатка жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмки жумада Төө-Ашуу ашуусундагы Көлбаев тоннелине асфальт-бетон төшөө иштерине байланыштуу он саатка жабылат. Бул тууралуу КР Транспорт министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

Бөлүм так жабылуу убактысы кийинчерээк жарыяланарын белгиледи.

Учурда тоннелде электр чубалгылары толугу менен алмаштырылып, жарыктар орнотулду. Ошондой эле актоо, сырдоо иштери аяктап, тоннелдин бетон плиталарын алмаштыруу иштери аяктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13318