Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуу башталды (график)
RU

Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуу башталды (график)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-июлда Кыргызстандын орто кесиптик билим берүү уюмдарына 2023/24-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Абитуриенттерди каттоо жана тандоо "Абитуриент онлайн" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Абитуриенттерди тандоо графиги:

  • I тур - 10-июль саат 08:00дөн 20-июль саат 17:00гө чейин;
  • II тур - 28-июль саат 08:00дөн 7-август 17:00гө чейин;
  • III тур – 14-август саат 08:00дөн 24-август 17:00гө чейин.

Маалым болгондой, алгачкы бир жарым саатта 1495 абитуриент ийгиликтүү каттоодон өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13337