Бишкектеги мектептердин биринде мугалим асынып алды
RU

Бишкектеги мектептердин биринде мугалим асынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептердин биринде мугалим асынып алды. Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, 37 жаштагы киши мектептин короосунда өз жанын кыйган.

"5-июлда саат 09:14 чамасында нөөмөт бөлүмгө билдирүү түшкөн. Анда мектептердин биринде эркек киши суицид жасаганы кабарланган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон киши А.Э. экенин аныкташкан. Маркумдун денесин кароо учурунда эч кандай жаракат табылган эмес. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - дешти милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13347