Былтыр селден улам улам жарактан чыккан ГЭСтин иши кайра жанданды
RU

Былтыр селден улам улам жарактан чыккан ГЭСтин иши кайра жанданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир канча убакыттан бери иштебей турган "Найман ГЭСинин" иши жанданды. Маалыматты Улуттук энергохолдингден кабарлашты.

"Найман ГЭС" ачык акционердик коому Ош облусунун Ноокат районунда жайгашып, ар биринин кубаттуулугу 0,2 МВтты түзгөн үч гидроагрегатту ГЭС. Жылына орточо эсеп менен 3,5 млн кВт-саат иштеп чыгат.

2022-жылы май айында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел алдында калып, ГЭС жарактан чыккан.

Аталган гидроэлектростанцияны калыбына келтирүү максатында Улуттук энергохолдинг "Чакан ГЭС" менен "Найман ГЭС" ортосунда каржылоо келишимин түзүп, тазалоо иштерин жүргүзгөн. Ушул жылдын 22-июнунда биринчи гидроагрегат ишке берилген, учурда 1 жана 3 гирдроагрегат сыноодон өтүүдө.

Улуттук энергохолдинг жогоруда аталган кичи ГЭСтин акцияларынын негизги бөлүгүн (52%) "Чакан ГЭС" акционердик коомуна өткөрүп берген.

"Найман ГЭС" ачык акционердик коому 2002-жылы каттоодон өтүп, 2005-жылы гана ишке берилген. Андан көп өтпөй кандайдыр бир себептерден улам аталган ГЭС 2014-жылга чейин ишмердүүлүгүн алып барган эмес, башкача айтканда ГЭС иштеген эмес.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13349