Алмазбек Бейшеналиев Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту
RU

Алмазбек Бейшеналиев Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүу жана илим министрлигинин басма сөз жыйыны маалымдады.

Алмазбек Бейшеналиев иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда салына турган 10 билим берүү комплексинин үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди. Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүй облусунда, ал эми үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда курулат. Калган билим берүү комплекстери этап-этабы менен курулмакчы.

Бейшеналиев менен Кравцовдун буга чейинки жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлган Протоколдун алкагында төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүүдө:

  • Билим берүү уюмдарын куруу долбоорлорун аныктоодогу техникалык документация менен байланыштуу бардык суроолорду талкуулоо;
  • Орусиянын табият таануу жана физика-математикалык багыттагы предметтери боюнча билим берүүдөгү санариптик ресурстарын пайдалануу жана адаптациялоо жана андан ары кыргыз тилине которуу жөнүндө Келишимдин долбоорун талкуулоо жана кол коюу;
  • Кыргызстандык окуучуларга жайкы лагерди уюштуруу, - деп ведомство жөнөткөн билдирүүдө жазылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1334