Акыйкатчы аялдардын эмгек стажына балдарды тарбиялоону кошууну сунуштады
RU

Акыйкатчы аялдардын эмгек стажына балдарды тарбиялоону кошууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өткөн лидер аялдардын курултайында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда аялдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу башкы укук коргоочунун басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы балдарды тарбиялоо менен алектенген аялдардын укуктарын камсыз кылуу үчүн республиканын эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейт.

"Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, үйдө отурууга, бала багууга аргасыз болгон аялдарга бул убакыт стаж катары эсептелиши керек", - деди Жаманбаева.

Анын пикиринде, тез арада төмөнкү чараларды көрүү керек:

  • аялдардын эмгек стажына балдарды тарбиялоо үчүн жумуштан кетүүгө аргасыз болгон убактысын кошуу;
  • аялдардын жана эркектердин экономикалык иштин бардык түрлөрүнө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • кичи жана орто бизнесте аялдарды ишке орноштурууга көмөктөшүү үчүн шарттарды түзүү;
  • чакан жана орто бизнести ачуу үчүн пайызсыз кредиттерди берүү;
  • айылдагы жана шаардагы аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө стратегиясын иштеп чыгуу.

Жаманбаева мындай чаралар башка нерселер менен катар аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн зарыл экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13355