Жайлоого кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаран дрондун жардамы менен табылды. Видео
RU

Жайлоого кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаран дрондун жардамы менен табылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштун Ноокат районунда 6 күн бою сайда калып калган киши табылды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, ал жайлоого мал жаюуга чыгып, дайынсыз жоголгон.

Маалым болгондой, 3-июль күнү Ноокат РИИБине Жапалак айылынын 59 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 1-июль күнү 30 жаштагы А.уулу А. туугандарынын үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп кеткенин айткан. Арыз катталып, андан соң иликтөө иштери башталган.

Милициянын айтымында, дайынсыз жоголгон адам психикалык жактан жабыркайт, ошол күнү ал жайлоого мал айдап кеткен.

Ноокат РИИБдин соттук-медициналык кызматынын дронунун жардамы менен 7-июлда А. уулу А. табылган. Ал Көк-Бел жайлоосундагы сайдан табылган. Такталгандай, эркек аскадан кулап, бутунан жаракат алган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13365