Көк-бөрү командасынын капитанынан маңзат жана курал-жарак табылды. Фото, видео
RU

Көк-бөрү командасынын капитанынан маңзат жана курал-жарак табылды. Фото, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте баңги затын сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, буга чейин ИИМге борбор калаада көптөн бери ири өлчөмдөгү гашиш сатуу менен алектенген кылмыштуу топ тууралуу маалымат түшкөн.

Көп өтпөй баңги затын сатууга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1981-жылы туулган, мурда соттолгон Ж.Э.З. кармалды. Маалыматка ылайык, ал Токтогул районунун көк-бөрү командасынын учурдагы капитаны.

7-июль ст. Бишкек шаарынан Фучик Ж.Э.З башкарып бара жаткан "Мерседес-Бенц-814" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп, тинтүү учурунда жүк ташуучу унаадан баңги затын жасоочу аппараттар табылган.

Кийинчерээк кармалган жарандын үйүнөн 62,32 гр гашиш, ошондой эле бочка жана буюмдар, баңгизатын өндүрүү, тиешелүү документтери жок ок атуучу куралдар сакталган кампа да табылган.

Курал табылганы боюнча экспертиза дайындалды. Ж.Э эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13370