Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандык жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатат
RU

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандык жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Толуктоолордун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Эмне үчүн өзгөртүү сунушталат?

Авторлор белгилегендей, түзөтүүлөр карама-каршылыктарды жоюу жана этникалык кыргыздарга жарандык алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүү максатында иштелип чыккан.

Кошумчалай кетсек, азыркы норма, өзгөртүүлөр демилгечилеринин айтымында, улуттук коопсуздукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошол эле учурда алар этникалык кыргыз үй-бүлөсүндө төрөлгөн балага карата өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептешет, анткени "Жарандык жөнүндө" мыйзамдын азыркы редакциясынын 14-беренесинде аны алуу тартиби жөнгө салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13372