Президенттин басма сөз катчысы "Азаттык" менен түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө берди
RU

Президенттин басма сөз катчысы "Азаттык" менен түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-июлда Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасында "Азаттык Медиа" сайтынын айланасындагы акыркы маалыматтарга байланыштуу комментарий берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана боло берет деп билдирди.

"Аталган маселе чоң коомдук талкуу жараткан. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун атына Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун жаңы президенти жана башкы директору Джеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн.

Бүгүн экинчи инстанциядагы сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык медианын" ортосундагы тынчтык келишимди бекитти, соттук териштирүүлөр токтоду, "Азаттык Медиага" карата чектөөлөр алынат.

Маселени ушундай жол менен жөнгө салуу ушул жылдын февралында эле мамлекет башчысы менен Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун эми мурдагы президенти жана башкы директору Джейми Флайдын жолугушуусунун жүрүшүндө сунушталган болчу. Тилекке каршы анда баш тартып коюшкан", - деди ал.

Султанбаев билдиргендей, бул өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын же тигил же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт.

Эске салсак, бүгүн, 12-июлда тараптардын макулдашуусу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттыктын" ортосунда тынчтык келишими түзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13378