Үч илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган жаран кармалды
RU

Үч илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын УКМКсы экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө үч илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Такталгандай, К.А.С. аттуу адам Тажикстан Республикасынын жарандарынан алган илбирстин үч терисин Ош шаарында 4500 АКШ долларына сатууну пландаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында терилерди сатуу учурунда К.А.С. аттуу адам кармалган.

Белгилей кетсек, илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кызыл китепке кирген жаныбар, Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси (Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана башка шериктерин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1337