КЭДП партиясына коюлган айыптоолор фейк аккаунттар тараткан маалыматка таянып жасалган
RU

КЭДП партиясына коюлган айыптоолор фейк аккаунттар тараткан маалыматка таянып жасалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде, КЭДП партиясынын мүчөсү Илим Карыпбеков басма сөз жыйыны учурунда партияга коюлген айыптоолор фейк аккаунттар тараткан маалыматка таянып жасалган, деп билдирди.

Илим Карыпбековдун айтымында, Амактык шайлоо комиссиясы КЭДП боюнча кабыл алган чечими негизсиз, жүйөөсүз жана акылга сыйбаган чечим.

"Кечээ түндө, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясын шайлоодон четтетүү чеичимин кабыл алгандыгы тууралуу маалыматты таркатышты. Биздин партия ошол чечимдин көчүрмөсүн гана алдык, сүрөттөрү менен. Ал эми чечимдин түп нускасын НДПК партиясы азыркы учурга чейин ала албай жатат. Себеби жөнөкөй, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын телефону өчүк. Аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. "Мына, азыр 5 мүнөт, 20 мүнөтттөн кийин келет. Ал кишинин колу чечимге коюла элек, ансыз бере албайбыз", - деп жатышат. Биздин өкүлдөр эртеден бери күтуп отурушат", - дейт Илим Карыпбеков.

Партия Борбордук шайлоо комиссиясына жана сотко кайрыла тургандыгын айтып, АШК кабыл алган чечим мыйзамсыз экенин белгиледи.

"Биз ошол чечимдин көчүрмөлөрү менен таанышып чыктык. Алар негизсиз, жүйөөсүз жана акылга сыйбаган чечим деп айтсак болот. Себептер көп. Бүт жүйөлөр фейк аккаунттар тараткан маалыматка таянып жасалган. Добуш сатып алуу болгон, деген шайлоо участокторунда биз 7-8 орунда турабыз", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 19-апрелде КЭДП шайлоодон четтетилгени белгилүү болду. Бул маалыматты Kaktus.media'га Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясы тастыктады.

Бишкектин АШКсы берген маалыматына ылайык, аларга УКМКдан жана ИИМден добуштарды сатып алуу тууралуу эки материал келип түшкөн. Биринчиси, багажникке салынган акчага байланыштуу, ал эми экинчиси талапкер тараптан шайлоочулардын добушун сатып алууга байланыштуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1338