Бишкекке дагы Isuzu автобустары сатып алынат. Бул ирет Түркиядан
RU

Бишкекке дагы Isuzu автобустары сатып алынат. Бул ирет Түркиядан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарыны мэри Эмилбек Абдыкадыров автобустарды сатып алуу боюнча түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Калаа башкармалыгынан билдиришкендей, жолугушууга ANADOLU ISUZU компаниясынын эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, экспорт директору Серкан Өзтүрк, КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышты.

Жолугушууда тараптар жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик автобустарды алуу механизмдерин талкуулашты.

Автобустар абанын булганышы менен күрөшүү боюнча техникалык жардамдын алкагында Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) эсебинен 5,4 миллион еврого сатып алынат.

Жолугушуунун жыйынтыгында япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унааларды жана автобустарды чыгаруу боюнча түрк компаниясы менен "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын ортосунда келишимге кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Автобустар заманбап талаптарга жооп берет: кондиционер жана пандустар менен жабдылган. Жалпы сыйымдуулугу 85 киши, орундуктар - 21, ошондой эле майыптар арабасы үчүн орун бар.

Тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү 2 жыл же 150 миң километрди түзөт. Транспортту жеткирүүнүн мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 2024-жылдын марты болуп саналат.

Маалымдама: ANADOLU ISUZU орто сыйымдуулуктагы автобустарды жана шаарлар аралык автобустарды чыгаруу боюнча Европадагы алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат. Анын негизги акционерлери - Anadolu Group, Isuzu Motors Limited жана Itochu Corporation.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13393