Психиатриялык ооруканадагы бейтап терезеден секиргенге аракет кылды
RU

Психиатриялык ооруканадагы бейтап терезеден секиргенге аракет кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта милиция бөлүмүнө жеткирилген жаран терезеден секиргенге аракет кылган. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, 11-июлда Сокулук РИИБине жеткирилген киши боюн таштоого аракет кылган. Бирок аны мындай аракетинен баш тарттыруу мүмкүн болгон.

Жаран психиатриялык ооруканада жаткан. Дем алыш күнү туугандары аны үйүнө алып барышканда качып кеткен. Кийинчерээк жолдон өткөндөр аны көрүп калып, милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Терезеден секирүүгө аракет кылган бейтап ооруканага жеткирилди дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13394