Юрист Таттуубүбү Эргешбаева: абдан көп иштеген адамдардын катарына кирем. Маек
RU

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева: абдан көп иштеген адамдардын катарына кирем. Маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь окуяларынан кийин юрист катары коомчулукта тааныла баштаган Таттуубүбү Эргешбаева kaktus.kg редакциясынын "Саясат эле эмес" рубрикасынын кезектеги коногу. Ал өзү, кандай үй-бүлөөдө төрөлгөн, бала-чагы, өзүнүн баласы тууралуу маек берди.

- Саламатсызбы, Таттуубүбү айым? Алгач эле өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз? Таттуубүбү ким?

- Мен Ноокен районунун Бүргөндү айылында төрөлгөм. Ата-энем мамлекеттик кызматкерлер болуп көп жыл иштешкен. Атам 25 жылдан ашыгыраак өкмөттө иштеди. Апам 17 жылдан көбүрөөк мектепте мугалим, университетте иштеди.

Негизи биздин үй-бүлөөдө: чоң чоң атам, менин чоң атам, атам мамлекетке иштеген адамдар. Биз үй-бүлөөбүз менен мамлекетке иштеген адамдарбыз. Бизде үй-бүлөөдө мамлекетке иштеп бериш керек деген өзгөчө эреже бар.

Үй-бүлөөдө үч кызбыз. Мен улуусумун. Мен бүгүнкү күндө 30 жаштамын. Жети жаштагы балам бар. Өзүм акыркы 11 жылдан бери юридикалык тармакта практика жүргүзөм. Мен абдан кичинекей кезимден бери иштеп баштагам. Менин оюмча: орточо же колунда жогураак үй-бүлөөлөрдүн балдарынын бары эрте иштеп баштайт. Мен дагы алардын катарына кирем. Жайында туугандарыбыздыкына барып жардам берчүмүн. Окуп жүргөндө балдарга репититор болдум. Ушул сыяктуу билим берүү тармагына жакын болгон тармакта иштедик. Эмнеге дегенде, апам мугалим болчу да.

Үйдө апам тартипти катуу кармачу. Ошондуктан биз көп окуп, иштеп анан кечки бештен калбай үйдө болуп калышыбыз керек эле. Кийин мен 17 жашымда Бишкекке келдим. Колледжге тапшырып, ошол убактан баштап иштеп баштагам. Себеби, бул жакта жашоо кымбат. Кошумча: ата-энем менин толук окуумду, жашоомду, баскан-турганымды каржылап бергенге мүмкүнчүлүгү жок болчу. Окууну бүткөндөн кийин толугу менен юрист болуп иштей баштагам. Негизги стажым 2011-жылдары башталган. 2014-жылы өзүмдүн консалтинг компаниямды негиздегем. Компания 6 жылдай иштеди. 22 жашымда баламды төрөдүм да. Негизи мен өзүмдү абдан көп иштеген адам катары эсептейм. Азыр мурдагыдай көп жүгүрүп иштебейм, бирок интеллектуалдык оор жумуштарды алып барам.

-Иштегенге муктаждык эмнеден улам келип чыккан? Жогоруда айтпадыңызбы: орто жана ортодон ылдый үй-бүлөөлөрдүн балдары көп иштейт деп. Балалыгыңыз оор өттү беле?

- Мен балалыгым оор өткөн деп да айта албайм. Мен өтө жашкы үй-бүлөөдөн болом.

Болгону ар кандай адамдар болот да. Менин энергиям көп, шайыр жүргөндү жакшы көрөм. Иштегим келген үчүн иштеп жатам.

- Демек, турмуштук муктаждыктан эмес, өзүңүз эле ошондой адамсыз?

- Ооба. Негизи мен эс алууну, жумушту гормонияда алып жүрүш керек деп ойлойм. Мени эч ким "бир нерсе кыл" деп милдеттүү түрдө мажбурлабайт. Мага кандай жашоо образы жакса - ошондой жашап жатам десем болот. Мен өзүм эле дициплина менен жашаган адаммын.

- Ар бир эле үй-бүлөөдө улуусу күйүмдүү болот да. Бир туугандарга, ата-энеге жардам бере калыш керек. Сиздин учурда сиздер жалаң кызсыңар. Эркек бала жок. Ата-энеңиз пенсияга чыгып калса керек. Балаңыз да бар?

- Мен мага кимдир бирөө оорчулук кылат деп ойлобойм. Ар бир адамдын тагдыры болот. Маңдайга жалыганы болот. Мен тагдырга көп ишенген адаммын. Биз үй-бүлөөбүз менен кудайга жакын адамдарбыз.

Бүгүнкү күндө менин мурунку күйөөмдүн үй-бүлөөсү бар. Жакшы турушат. Ошондой учурда дагы ортодо биздин балабыз бар. Жардам берип турат. Бизде жакшы достук мамиле сакталган.

Мен эрте күйөөгө тийүүдөн жаман нерсе көргөн жокмун. Негизи, аял киши үйдө отурсун деп айта беришет го. Бирок, аял өзүнө жаккан нерсени жасабаса - ал эч кимди бактылуу кыла албайт.

Мен эркиндикте, өзүмө жаккан нерсени кылып жатам. Мен бактылуу айыммын. Ошондуктан жанымдагы адамдар, баламды да бактылуу кыла алам деп ойлойм.

Маектин уландысы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13395