Ленин округу боюнча кайра шайлоо. 34 адам талапкерлигин көрсөттү
RU

Ленин округу боюнча кайра шайлоо. 34 адам талапкерлигин көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 34 болду. Бул туурасында БШКдан кабарлашты.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого өзүн талапкер көрсөткөндөр:

  • Эртай Искаков - "Япошка үчүн" коомдук бирикмесинин төрагасы
  • Алмаз уулу Аскар - "Эл Үмүтү" саясий партиясынын төрагасы
  • Эркин Булекбаев - "Жашылдар" партиясынын лидери
  • Роман Ремнёв - коомдук жана саясий ишмер
  • Турсунбай Бакир уулу - ЖКнын экс-депутаты
  • Куттубек Асылбеков - пенсионер
  • Назарбек Нышанов - дарыгер, хирург-онколог
  • Сулайман Мамаев - мамлекеттик кызматкер
  • Токтогул Какчекеев - пенсионер
  • Жаныбек Абиров - ЖКнын экс-депутаты, "Строй Ленд" компаниясынын директору
  • Русланбек Тагаев - убактылуу эч жерде иштебейт
  • Бакыт Шаршембиев - "Медутиль" ЖЧКсынын башкы директору
  • Нургүл Сооронбаева - дарыгер-педиатр
  • Мурат Эсенаманов - убактылуу эч жерде иштебейт
  • Ыргал Кадыралиева - убактылуу эч жерде иштебейт
  • Ханзада Осмоналиева - Коргоо министрлигинде аскер кызматкери
  • Жамалбек Ырсалиев - "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору
  • Аттокур уулу Илимбек - убактылуу эч жерде иштебейт
  • Таалайбек Кермалиев - "Арпа-Бишкек" компаниясынын коммерциялык директору
  • Кубанычбек Самаков - "Биопром" компаниясынын башкы директору
  • Чыңгыз Капаров - убактылуу иштебейт
  • Жеенбек Искендеров - убактылуу иштебейт
  • Карачач Исмаилова - Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында мугалим
  • Руслан Ажыбеков - убактылуу иштебейт
  • Нургүл Аднаева - КЭУ Эл аралык медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси
  • Бактыбек Рысалиев - убактылуу иштебейт
  • Нурсултан Абдуллаев - убактылуу иштебейт
  • Абдивали Балтабаев - убактылуу иштебейт
  • Лейла Саралаева - "Новые лица" ЖЧКсынын башкы директору
  • Токтокучук (Токон) Мамытов - Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институту
  • Айбек Субанов - Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кызматкери
  • Бакыт Керимбеков - убактылуу иштебейт
  • Муктарбек Айткулов - убактылуу иштебейт
  • Ильязбек Якубов -укук коргоочу, жактоочунун жардамчысы

Белгилесек, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү бүгүн, 10-августта аяктайт. Ал эми кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13400