200дөн ашык россиялык спортчулар спорттук жарандыгын алмаштырды
RU

200дөн ашык россиялык спортчулар спорттук жарандыгын алмаштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы согуш миңдеген россиялык спортчуларды эл аралык мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Көпчүлүк спортчулар спорттук жарандыгын өзгөртүү жөнүндө ачык айтышпайт, ошондуктан мындай чечимдер каттоо процедурасынан өткөн мелдештерде гана белгилүү болот. Спортчудардын жарандыгын алмаштыруу жөнүндө билдирүүлөрдү, мелдештин катышуучулары тууралуу ачык маалыматтарды, ошондой эле спорт федерацияларынын ачык реестрлерин талдап чыккандан кийин, Холод Россияда спорттук жарандыгын өзгөрткөн же алмаштыруу алдында турган 204 спортчуну атады.

Тизмеге белгилүү профессионалдар – өз спорту боюнча Европанын жана дүйнө чемпиондору – жана өтө жаш спортчулар кирди, алардын көбү үчүн орус жарандыгынан баш тартуу – карьерасын сактап калуунун жалгыз жолу.

Алардын ичинен эң көп шахматчылар жарандыгын алмаштырышкан - 141 адам.

Экинчи орунду көркөм муз тебүү жана ат спортунун спортчулар бөлүштү. Анда Россия 11 спортчусунан кол жууду. Үчүнчү орунда көркөм гимнастика жана теннис: ар бири беш спортчу спорттук жарандыгын алмаштырганын жарыялашты. Мотоспорт жана футбол төрт спортчу. Экиден - велоспорт, мотоцикл жарыштары, коньки тебүү, хоккей, сууда сүзүү, кайык, бокс жана парус спортунун өкүлдөрү. Эркин күрөш, жеңил атлетика, биатлон, шорт-трек, ММА, дзюдо, көркөм гимнастика жана тоо лыжасы боюнча бирден спортчу жарандыгын алмаштырган.

Холоддун эсептөөлөрү боюнча, Израил россиялык спортчулар үчүн эң меймандос өлкө болуп чыкты: азыр бул желектин астында россиялык 25 спортчу күч сынап жатат. Экинчи орунда – Сербия: 19 спортчу; үчүнчү орун Германияда: 13 спортчу. Франция 12, Польша 11. Казакстан 10, Армения менен Улуу Британия тогуз, АКШ жети, Испания алты спортчуну кабыл алды. Палестинанын эл аралык статусу аныкталбаганына карабастан россиялык спортчулар үчүн жакшы тандоо, анткени Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) Палестинанын желегин жарышууга уруксат берет. Мындан улам россиялык спортчулар Палестинанын желеги менен да чыгып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13403