Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясына жооп берди
RU

Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясына жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европа парламентинин "Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жөнүндө" кабыл алган резолюциясы боюнча комментарий берди.

Мекеме ал күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган деп эсептейт.

"Бул резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабагандыгы өкүндүрөт.

Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген үстүртөн резолюция өлкөгө жана улуттук каада-салттар менен негиздерди эске алуу менен демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кысым көрсөтүү катары каралат.

Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, "Азаттык Медиасынын" айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алышкан эмес.

Резолюциянын башка бир катар пункттары да таң калтырат, алар объективдүү баа берүүнү жана аларды улуттук мыйзамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бийлик бутактарынын көз карандысыздыгын караштырган мыйзамдарга ылайык чечүү жолдорун чагылдырган эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлиги "Азаттык Медиасынын" айланасындагы иштер сотто чечилгенин, "Өкмөттүк эмес уюмдар" жөнүндө мыйзам долбоору дагы деле талкууда экенин кошумчалады.

***

Белгилей кетсек, Европарламенттин резолюциясында Кыргызстанда учурда талкууда турган төрт: Жалпыга маалымдоо каражаттары", "Бейөкмөт уюмдар", "Чет өлкөлүк өкүл" жана "Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун артка кайтаруу керек экенин айтып, аталган документтер Кыргызстандагы адам укуктарына терс таасирин тийгизет турганы айтылды.

Анда "Азаттык Медиасынын" ишмердигин токтотуу - эркин маалымат каражаттарына болгон цензура, сөз эркиндигин бузулушу катары сындаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13404