Үч жума өткөндөн кийин. Элчилик Астанада сабалган кыргызстандык тууралуу билдирүү таратты
RU

Үч жума өткөндөн кийин. Элчилик Астанада сабалган кыргызстандык тууралуу билдирүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги Астанадагы MEGA Silk Way соода борборунун балдар аянтчасында кыргызстандык жарандын сабалышы боюнча окуяны көзөмөлгө алып жатканын билдирди.

13-июлда Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине жабырлануучу К.А. чакырылып, жолугушууда Кыргызстандын жаранына зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн, деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.

Казакстандын укук коргоо органдары "бардык зарыл процессуалдык иш-аракеттерди" жүргүзүүдө, деп белгиледи Тышкы иштер министрлиги.

Эске салсак, 18-июнь күнү Астанадагы соода жана оюн-зоок борборунун фуд-кортунда мушташ чыккан. Профессионал жергиликтүү мушкер Бейбут Шуменов кичинекей баланы колуна кармап турган кыргызстандыкка кол салган. Окуя болгон жерге патрулдук милиция келип, мушташтын катышуучуларын аныктап, жабырлануучуну соттук-медициналык экспертизага жөнөтүшкөн. Андан соң материалдар райондук милиция кызматкерине жөнөтүлүп, ал өз кезегинде андан кылмыштын курамын таппай, ишти жаап салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13405