Республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды
RU

Республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аймагында бир айдын ичинде 94 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

2023-жылдын июль айында "Мак-2023" операциясынын алкагында "Кара куурай" аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү. Ага 1231 адамдан турган 71 бригада түзүлгөн.

Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 кг кара куурай өрттөлдү. Алардын ичинен:
  • Бишкек шаары боюнча - 2,3 га жерден 3 тонна 420 кг;
  • Чүй облусу боюнча 8,5 га жерден 7 тонна 400 кг,;
  • Ысык-Көл облусу боюнча 114 га жерден 38 тонна 727 кг;
  • Талас облусу боюнча 0,5 га жерден 1 тонна;
  • Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 га жерден 25 тонна 500 кг;
  • Ош облусу боюнча 9,5 га жерден 8 тонна 675 кг;
  • Баткен облусу боюнча 28,5 га жерден 9 тонна 300 кг.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13406