Бишкектин эки районунда мончолор текшерилди. Видео
RU

Бишкектин эки районунда мончолор текшерилди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мончо, сауналар текшерилип, экологияга келтирилген зыянды аныктоо иш-чарасы өттү. Анда Биринчи Май жана Ленин райондорундагы мончолор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору, Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматы жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү тарабынан текшерүүгө алынды.

Инспекторлор мончолордун биринде тыюу салынган, тагыраагы чүпүрөк жагылып жатканын аныкташты. Мончону иштеткен аялга протокол түзүлүп, 7500 сом айып салынды. Кожойке эреже бузганын моюнга алып, айып пулду төлөй турганын айтты.

Белгилүү болгондой, мындан 1 ай мурда эле дал ушул мончонун кожоюндарына синтетикалык калдыктарды жакканы үчүн айып салынган.

Мыйзам бузуу катталган учурда жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом айып салынат.

Белгилей кетсек, Бишкек боюнча 346 мончо, сауна бар, алардын баарына буга чейин эскертүү баракчалары берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13407