"Рентген жыйынтыгын күтүп жаткан". Поликлиникада кытайдын жараны каза болду
RU

"Рентген жыйынтыгын күтүп жаткан". Поликлиникада кытайдын жараны каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Жайыл районундагы поликлиникада кытай жараны каза болду. Бул маалыматты ооруканадан тастыкташты.

Какtus.media сайтына үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги кишинин өлүмү боюнча билдиргендей, кечээ, 13-июлда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын дарыгеринин көрсөтмөсү менен кытай жараны көкүрөк органдарын рентгендик текшерүүдөн өткөргөн.

"Саат 09:20да ал көкүрөгүнүн рентгенин тартып, андан соң коштоп жүргөн котормочу аркылуу сыртта күтүүнү суранышкан. 20 мүнөттөн кийин бир адам рентген бөлмөсүнө чуркап кирип, эшикте бир адамдын абалы оорлоп жатканын айтып, жардам сураган. Дароо рентгенолог жардам көрсөтүү үчүн чуркап чыккан. Бейтап ал учурда колу-бутун сунуп, талма абалында жерде жаткан. Котормочунун катышуусунда тез медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп билдиришти медициналык мекемеден.

Ошол эле маалда администрациянын айтымында, тез жардам чакырылган, башка дарыгерлер келген. Кытай жаранынын кан басымы өлчөнгөн, бирок анын тамыры сокпой, оозунан көбүк чыгып жаткан.

"3 мүнөттөн кийин келген "Тез жардам" бригадасы дарыгерлери менен биргеликте клиникалык өлүмдү айтышкан. Дарыгерлер дароо РИИБге телефон чалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында дененин сөөгүндөгү жүрөк капталынын сол карынчасы жарылып кеткендиги аныкталган", - деп жыйынтыктады ооруканадан.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык -novostivoronezha.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13414