Унаада кыз зордуктоого аракет кылды делген мурдагы аткаминер үй камагына чыгарылды
RU

Унаада кыз зордуктоого аракет кылды делген мурдагы аткаминер үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте автоунаанын ичинде кыз зордуктоого аракет кылды делген мурдагы аткаминер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев маалымдады.

Эске салсак, буга чейин соцтармактарга окуянын видеосу тарап, милиция аталган факт 15-июнга караган түнү болгонун билдирген. Буга шектүү катары мурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биологиялык ресурстар башкармалыгында иштеп кеткен 30 жаштагы жаран кармалган. Андан соң Свердлов райондук соту эки айга тергөө абагына киргизген.

Адвокат бул чечимге макул болбой шаардык сотко кайрылып, чоо-жайын талдап беришкенин маалымдады.

Жактоочу шаардык сот материалдар менен таанышып, шектүүнүн туруктуу жашаган жери болгонун жана тергөө менен кызматташып жатканын эске алуу менен үй камагына чыгарганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13417