Ошто 19 жеке менчик медициналык борбор жабылды
RU

Ошто 19 жеке менчик медициналык борбор жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 19 жеке менчик медициналык борбор жабылды. Бул тууралуу 14-июлда вице-мэр Нурбек Кадыров менен Санэпидемстанциянын жана Шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду.

Ош шаарынын мэриясы билдиргендей, жеке сулуулук салондору, стоматологиялык кабинеттер, альтернативдик медицина боюнча медициналык борборлор (хиджама) жана башка кан менен байланыш аркылуу калкка кызмат көрсөткөн объектилер текшерилди. Иш-чаралар кан аркылуу жугуучу инфекциялардын (ВИЧ, гепатит ж.б.) жайылышын алдын алууга багытталган.

Сантитардык-эпидемиологиялык станциянын маалыматы боюнча, рейддерден кийин саламаттыкты сактоо кызматын көрсөткөн 19 жеке мекеме мыйзам бузуулар боюнча жабылып, алардын сегизинин иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13423