Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик турнирде финалга чыкты
RU

Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик турнирде финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбан кызы Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирдин финалына чыкты.

62 салмак категориясы боюнча кармашып жаткан кыргызстандык спортчу кыз алгач Луиза Хель Герд Неймехти (2:0), андан соң венгриялык Ясмин Солеманды (10:0) жеңип алды.

Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Хасабиеваны 6:1 менен утту. Ал эми жарым финалда бразилиялык Лаис Нуньести 5:2 эсеби менен жеңди.

Финалда кыргызстандык спортчу болгариялык Биляна Дудова менен кез келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13430