Сауд Арабиянын падышасы Садыр Жапаровду саммитке чакырды
RU

Сауд Арабиянын падышасы Садыр Жапаровду саммитке чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Бул туурасында президенттин администрациясы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Араб Падышачылыгынын колдоосун жогору баалады. Ошондой эле туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, тактап айтканда жакынкы арада эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Сауддун жиберген жылуу саламын айтты.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын өз ара аракеттенүүсү эки өлкөнүн лидерлеринин саясий ишениминин жана бекем саясий эркинин аркасында ишенимдүү өнөктөштүк жана достук духунда уланып жатканын белгиледи.

Элчи Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы араб мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин саммитине катышуу үчүн Сауд Арабиянын падышасынын атынан чакыруу катын тапшырды.

Жыйынтыгында тараптар көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13436