Дем алыш күндөрү транспорт айдагандарга көзөмөл күчөтүлөт
RU

Дем алыш күндөрү транспорт айдагандарга көзөмөл күчөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дем алыш күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүлгөнүн маалымдады.

Атайын адистештирилген рота Бишкек-Кордой жана Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолдоруна кайгуул күзөттөрүн күчөтүп, мас абалында унаа башкаркандарга, ылдамдыкты ашырып айдагандарга жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно жол эрежелерин бузгандарга карата каттуу чараларды көрүүдө.

Ошондой эле дем алыш күндөрү тоого чыккан жарандардын агымы көп болгондуктан эс алуу учурунда ичип алып унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде Бишкектин чет жакаларында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13443