Роналду жылдын эң бай спортчусу аталды. Анын бир жылдык кирешеси канча?
RU

Роналду жылдын эң бай спортчусу аталды. Анын бир жылдык кирешеси канча?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Португалиялык чабуулчу, Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунда ойногон Криштиану Роналду Гиннесстин рекорддор китебине эң бай спортчу катары кирди. Бул тууралуу "Р-Спорт" маалымдады.

Forbes Роналдунун 12 айда тапкан кирешеси 136 миллион доллар болгонун, сумма былтыркы жылдын май айынан тарта эсептелгенин жазды

Спортчу кирешенин 46 миллион долларын оюндан, калган 90 миллион долларын футболдон тышкары жактан тапкан.

Криштиану Роналду бир айда эки жолу Гиннесстин рекорддор китебине кирип жатат. Июнда ал улуттук курама командада расмий 200 беттеш өткөргөн алгачкы футболчу деп табылган эле.

Роналду тапкан кирешеси боюнча аргентиналык атактуу оюнчу Лионель Мессиден ашып өткөн. Ал жыл ичинде 130 миллион долларга ээ болгон. Үчүнчү сапта Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунун оюнчусу Килиан Мбаппе (120 миллион) турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13448