Энергетика министрлиги тарифтерди эсептөөнүн жаңы ыкмасын сунуштады
RU

Энергетика министрлиги тарифтерди эсептөөнүн жаңы ыкмасын сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Энергетика министрлиги электр энергиясына тарифтерди аныктоонун жаңы методикасын иштеп чыкты. Аны бекитүү тууралуу буйрук коомдук талкууга коюлду.

Жаңы методологияга ылайык, мекеме электр энергиясын өндүрүүгө кеткен бардык чыгымдарды электр энергиясынын тарифине киргизүүнү көздөп жатат. Жаңы методология Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына шайкеш келет.

"Эсептөө электр энергиясын өндүрүүгө жана керектөөчүгө өткөрүүгө кеткен бардык чыгымдардын толук эсебин камсыздайт, ошондой эле энергетикалык кубаттуулуктарды да, электр энергиясын ири керектөөчүлөрдү да сарамжалдуу бөлүштүрүүнүн критерийлеринин бири болуп саналат.

Долбоор энергетикалык компаниялар жана акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди эсептөөдө бирдиктүү ыкманы орнотууну көздөйт

Энергетика министрлиги жаңы методологиянын бекитилишин энергетикалык компаниялардын иш жүзүндөгү чыгымдары электр тармактарынын жабдууларын тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн талап кылынган чыгымдардан төмөн экендиги менен негиздеди.

Тармактагы азыркы кырдаал азыркы учурда энергетикалык ишканалардын негизги фондуларынын бир кыйла бөлүгүн алмаштырууга жана реконструкциялоого кечиктирилгис инвестиция тартуунун зарылдыгын ачык керсетуп турат.

"Бул азыркы учурда тейлөөнүн алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу жана келечекте электр менен камсыздоо системасын өнүктүрүү үчүн зарыл. Өз кезегинде каржылык инвестициянын булагы электр энергиясына болгон тарифтер болуп саналат", - деп билдирди министрлик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13463