Байсалов Ысык-Көлдөгү баалар боюнча: 200 долларга эс алганга кимдин мүмкүнчүлүгү жетет?
RU

Байсалов Ысык-Көлдөгү баалар боюнча: 200 долларга эс алганга кимдин мүмкүнчүлүгү жетет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Каркыра жайлоосунда өткөн Happy Yurta Fest 2023 фестивалында сөз сүйлөп, Ысык-Көлдөгү эс алуу кызматтарынын баалары боюнча комментарий берди.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар көлдөгү эс алуунун баасы жыл сайын кымбаттап, айрым учурларда Түркиядагы бардыгы камтылган эс алуудан да кымбат болуп жатканына нааразы.

Эдил Басйалов эс алуу сезону узак болбогондуктан баалар өсүп жатат деп эсептейт. Ал эс алуунун баасы баарына жеткиликтүү болуусу үчүн туристтик сезонду узартуу керек дейт. Ал үчүн Ысык-Көлдө эс алуунун башка тармактарын өнүктүрүү зарыл.

"Ысык-Көлдө 200 долларга эс алганга кимдин мүмкүнчүлүгү жетет? Биз муну бир нерсе кылышыбыз керек... Биздин Ысык-Көл ушундай болуп калды... Сезон өтө кыска. Биз туризмдин башка тармактары, мейманкана бизнесин өнүктүрүү аркылуу сезонду узарта алабыз. Беш жылдыздуу мейманканалар болушу керек, ошол эле учурда бардык кыргызстандыктар үчүн арзан жайлар болушу зарыл", - деди Байсалов.

Чиновник кошумчалагандай, эс алуунун бюджеттик түрлөрүн - Ысык-Көлдө жаштар лагерин жана жөө жүрүштөрдү өнүктүрүү зарыл.

"Биз бюджеттик туризмдин болгонун каалайбыз - жаштардын эс алуусу үчүн кемпингдер ачылсын. Ысык-Көлдөгү тосмолорду бузуу иштерин уланта беришибиз керек. Биз өзүбүздүн жерибизде эс алганыбыз үчүн акча төлөбшүбүз керек", - дейт Байсалов.

Байсалов учурда Маданият министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан Кытай жана Индиядан өлкөгө көбүрөөк туристтерди тартуу, ошондой эле бул мамлекеттерде кыргызстандыктар үчүн эс алуунун жеткиликтүү болушу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

"Жайында чет элдик туристтер бизге келсин, кышында биз аларга баралы. Жаштарыбыз, кары-картаңдарыбыз 500 доллардан ашпаган акчага чет жакта бир жума эс алуусуна шарт түзүшүбүз керек", - деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13465