Беттеги сепкил, тактар менен күрөшүүнүн жолдору. Дарыгерден кеңеш
RU

Беттеги сепкил, тактар менен күрөшүүнүн жолдору. Дарыгерден кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн жылыганы өзгөчө айымдар арасында беттеги тактар, сепкилдер менен күрөшүү өзгөчө маселе туудурат. Коомчулукта ар кандай элдик медицинаны колдонуп, айрымдары кометолог, дерматологдорго көптөгөн каражаттарын берип, бирок жыйынтык ала албай келишет.

Дагы бир маселе бул - бетке кам көрүүчү косметикалардын түрүнүн көбөйүшү. Канчалык кымбат болсо - ошончолук эффективдүү деген маркетингдин курмандыгына айлангандар да аз эмес. Мындан улам kaktus.kg редакциясы дарыгер-онколог Айбек Кеңешбеков менен маектештик.

Айбек Кеңешбеков дарыгер-онколог. Үч жылдан бери лазердин жардамы менен айымдардын эле эмес, мырзалардын бетиндеги, денесиндеги сепкилдерди алып келет.

Дарыгер ар бир эле дарыгер же медициналык билими бар адам сепкилдерди жана тактарды кетире алат деп эсептейт. Ал үч жылдык тажрыйбасында көптөгөн кардарлар менен иштегенин айтты.

- Негизи эле коомчулукта беттеги так, сепкил маселесине косметолог, дерматологдор аралашып жүрөт. Сизге кайрылгандар да аз эмес болсо керек?

- Мисалы, Европа өлкөлөрүндө мындан көп жыл мурун эле күндөн коргонуунун жолдору жакшы жолго коюлган. Бирок бул учурда биз ар бир өлкөнүн климатын, биздин айтмактардагы жашоо-шартты дагы эске алышыбыз керек.

Бизге жаңы келип жаткан лазер менен беттеги сепкилдерди алуу ошол эле Европа өлкөлөрүндө мурун эле бар болчу. Бирок биздин климатты эске алуу менен лазер Кыргызстандын жарандарына көбүрөөк керек деген жыйынтыкка келип, бул багытта иштеп баштадым. Ошол аппарат эми гана келгендиктен азыр муктаждык дагы жогорулап, кайрылгандар көп.

- Негизи косметолог, дерматологдор бетке кам көрүүчү косметикалар менен беттеги сепкил, тактардан арылса болот деп айтып келишет. А сиздин баракчаңызды карасам, беттеги так, сепкилдерди бир гана лазер кетирет деп айтып келет экенсиз. Анын себебин түшүндүрсөңүз?

- Оорулар атадан бала берилгендей эле, тукум кууган учурда так, сепкилдер балага ата-энеден өтөт. Ошол эле норма беттеги так, сепкилдерде да колдонулат. Мисалы ультрофиолет нурунан улам пайда болгон сепкил, тактарды биз толук алып коё алабыз. А бирок, атадан балага өткөн сепкил, тактар болсо аларды лазер менен алгандан кийин күндөн коргоочу бетмайларды колдонуп турбаса кайра бетти сепкил басып кетиши мүмкүн.

Бул учурда адамдын ички органында көйгөйлөр менен иштөө дагы маанилүү.

- Айрымдар лазер деген сөздүн өзүнөн чоочулайт. Негизи эле барыбыз табигый жер-жемиш, өсүмдүктөр менен бетке кам көргөнгө аракет кылат эмеспизби. Чынында эле лазер коркунучтуу эмеспи?

- Так, сепкил менен күрөшүүнүн эң бир эффективдүү методу бул - лазер болуп саналат. Себеби, ар кандай мазь, бет май, сыворотканын, бетке кам көрүүчү комсетиканын баары алар менен толук күрөшө албайт.

Бизде бирөө бир нерсени угуп калса, ошону жасап көрөт, ишене берет. Маркетингдин эле курмандыгы болуп калбашыбыз керек.

Ал эми лазер боюнча айта турган болсом - тажрыйбалуу дарыгерлерге кайрылса, лазер менен иштегенди билген адам болсо - эч кандай зыяндуулугу жок. Дарыгердин тажрыйбасы, ишинин сапаттуулугу, билимине карап баргандары туура деп ойлойм. Эч кандай мазь, кремдерге ишенип, акчаңыздарды жөн эле чачкандан алыс болуңуздар.

Маектин уландысы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13467