Блогер Эртай Искаков эки айга камалды
RU

Блогер Эртай Искаков эки айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Эртай Искаков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Блогер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаковго карата баш коргоо чарасы катары Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алуу тандалды. Мындай чечимди бүгүн, 17-июлда Сокулук райондук соту чыгарды.

Учурда Сокулук райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан жарандар 1974-жылы туулган Б.Б., 1972-жылы туулган Б.Б.га карата баш коргоо чарасы каралууда.

Эске салсак, 15-июлда Сокулук районунда блогер Эртай Искаков жана эки тургун жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13475