Алтынбек Максүтов: Фонограмма менен ырдагандарды өзүм көрдүм (видео)
RU

Алтынбек Максүтов: Фонограмма менен ырдагандарды өзүм көрдүм (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баарыбызга маалым болгондой, ушул жылдын январь айынан баштап өлкөдө фонограмма менен ырдоого тыюу салынган. Ал эми эреже, талаптарды бузгандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ушул маселенин айланасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен маектештик.

Министр Kaktus.kg сайтына белгилегендей, фонограмма менен ырдагандарга өзү күбө болгон.

Эреже бузгандарды кантип аныктап жатышат? Кандай чара көрүлөт?

Биз ар бир мекемеге тапшырма койгонбуз. Андан тышкары көрүүчүлөрдүн арыздарынан улам аныктайбыз. Азырынча арыз-даттануулар түшө элек. Учурда техникалык базабызды жакшыртуу максатына мамлекеттен каражат бөлүнгөн. Чыр болбошу үчүн бардык концерт, иш-чаралар тартылып, эгерде фонограмма менен ырдаган учур катталса ошол жерде иштеген үн операторуна, администраторуна жана концерттин жетекчисине эскертүү, сөгүш берүү же иштен четтетүү боюнча чараларды колдонобуз. Фонограмма менен ырдаган 2-3 учурду уккам, өзүм да 1-2 жерден көрдүм.

Айрым артисттерибиздин мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарада фонограмма менен ырдаганын көрдүм, ырдап бүткөндөн кийин токтотуп алып "уят, мындан кийин кайталанбасын" дедим.

Андан кийин мен көп иш-чараларга бардым. Айрым жердин техникалык базалары күчтүү болгондуктан ырчылардын жандуу ырдаганын фонограммадан айырмалай албай каласың. Үн операторунун жанына өзүм да барып, жардамчымды (музыкант, жакшы түшүнөт) да жиберип текшердик. Чынында эле жандуу үн менен ырдап, ошондой деңгээлге жеткени кубандырат.

Фонограмма менен ырдоого тыюу салуу мамлекеттик иш-чараларга эле жайылтылабы?

Фонограммага тыюуу салуу республика боюнча каралган. Кафе, ресторандарга да тиешелүү болот. Эреже бузган жактарга чоң өлчөмдө айып пул салалы дегенбиз. Анткени министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан чоң айыптарды салуу боюнча тапшырма берилген. Бирок азыркы сумма деле оңой эмес акча.

Биз буга чейин фонограмманы тыябыз деп мыйзам чыгарып, көп аракеттерди жасаганбыз. Бирок көпчүлүк жеңип кеткен. Азыр биз катуу киришип, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз.

Андан тышкары элди алдоо болсо сотко жете тургандай мыйзамдарды иштеп чыгабыз. Анткени, өнүккөн мамлекеттерде фонограмма менен ырдоону "алдамчылык" деп карайт.

Биринчиден, тойлордо фонограмма менен ырдап, элди алдабашыбыз керек. Экинчиден, бизде нукура таланттар фонограммадан улам белгилүү болбой жатат. Байкасаңыздар, эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышууда Кыргызстан аябай артта калды. Биздин көрүүчүлөрбүздүн азайып кеткенин да фонограммадан деп ойлойм.

Фонограмма менен күрөшүү үчүн азыр кандай кадамдар башталды?

Фонограмма менен күрөшүү үчүн жакшы сапаттагы үн күчөткүч аппараттарын алабыз. 40 районго таратылат. Буга каражат каралды. Дүйнөлүк бренддеги аппараттарды биринчи булактан (Италия, Франция, Англия, Кытай, Япония) алуу боюнча макулдашууларды жүргүзүп жатабыз. Ар биринин тыйындарын санап, ортодо акча кымыруу болуп кетпесин деп түздөн-түз байланышуу үчүн мамлекеттик ишкана түздүк. Мекеме тендерсиз эле сатып алууларды жүргүзө алат. Эгер тендер өткөрсөк, Кыргызстандан бирөө утат да, 20 пайыз акчасын алат. Ал жерде аябай чоң сумма жатат 30-30 млн, 50 млн чейин алып кетет. Ал акчага биз бир оркестрди камсыздайбыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13482