Кара-Сууда акушер-гинеколог сабалган. Милиция териштирүүнү баштады
RU

Кара-Сууда акушер-гинеколог сабалган. Милиция териштирүүнү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районундагы Нариман аймактык ооруканасынын нөөмөттө турган акушер-гинекологу сабалган. Бул факты боюнча тергөө иштери башталганын Ош ОИИБден билдирди.

Белгилесек, медицина боюнча эксперт, Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова ушул жылдын 11-июлунда дарыгерге кол салуу болгонун билдирген. Анын айтымында, жаңы төрөгөн келиндин жакындарынын бири ымыркайды өзүнө жаздырууну талап кылган. Акушер андан баш тартканда ага кол салуу болгон. Барыктабасованын айтымында, нөөмөттөгү дарыгер бир нече жаракат алып, медициналык формасы айрылган.

Бул жаңжалдан кийин дарыгер арыз менен милицияга кайрылган. Билдирүү каттоого алынып, тергөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13485