Ысык-Көлдөн 10 тонна таштанды чыгарылды (видео)
RU

Ысык-Көлдөн 10 тонна таштанды чыгарылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдө тазалоо иштерин улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда Чолпон-Ата шаарындагы жана Кара-Ой айылындагы муниципалдык участокто жана жеке пансионаттардын аймагында тазалоо иштери жүрүп жатат.

Көлдү тазалоо иштери "Ак-Бермет", "Рахат", "Алтын-Көл", "Элинг", "Евразия" пансионаттарынын аймагында жүргүзүлдү.

17-июлга карата 115 күндө 215 гектарга жакын аянт тазаланды. Көлдөгү тазалоо иштеринин башталышынан бери 97 миң метр тор, 10 тонна 405 кг таштанды чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13486