Аламүдүндө кызы менен сууга чөккөн келиндин жансыз денеси табылды
Аламүдүн капчыгайынын жогору жагында эс алып жаткан эне менен кызы сууга чөктү. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, аял каза болду.
Такталгандай, Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда кичинекей кыз менен апасы менен сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине жалпы 9 куткаруучу тартылган. Натыйжада куткаруучулар тарабынан 1996-жылы туулган А.Э. аттуу келиндин сөөгү суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлдү.Ал эми кичинекей кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Аны издөө иштери бүгүн, 19-июлда улантылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13496