Балыкчынын кире беришиндеги баш аламан соода иштери токтотулду
RU

Балыкчынын кире беришиндеги баш аламан соода иштери токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчы шаарына кире беришиндеги баш аламан соода кылгандар тазаланып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, түшүндүрүү иштерине Балыкчы шаарынын мэри да катышты.

Башкармалыктын маалыматына боюнча, сатуучулар жолго жакын жерде баш аламан соода кылгандыктан, унаалар иретсиз токтоп, жыйынтыгында жол тыгындары орун алууда. Туристтик мезгил учурунда мындай терс көрүнүштөр эс алууга келген меймандардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып жатат.

"Иш-чаранын жыйынтыгында аталган аймактагы сатуучулар жагдайды туура түшүнүп, унаалардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдук болбогон жерге жылып соода кылууга макул болушту. Жол жээктердеги баш аламан соода иштери токтотулуп, аталган аймактагы жол тыгындарын болтурбоо иштери кошумча көзөмөлгө алынды", - дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13501