Милициялар баңгизаттарды атайылап таштоо жана акча опузалоого шектелип калмалышты
RU

Милициялар баңгизаттарды атайылап таштоо жана акча опузалоого шектелип калмалышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери баңгизатын атайылап таштоо жана опузалап акча талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, буга чейин ИИМдин Тышкы чалгын кызматына Россиянын жараны З.Е кайрылып, Д. аттуу кызга жана белгисиз укук коргоо кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде кафелердин бирине баңги заты атайылап таштап, андан соң белгисиз адамдар аны үйүнүн жанынан кармап, коркутуу жолу менен 315 000 сомун жоопкерчиликке тартпагандыгы үчүн берүүгө мажбурлашкан.

ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кыздар Т.Д. жана М.Алар мурда соттолгон У.А жана Т.Н. менен келишим түзүп, милиция кызматкерлери менен биргеликте бирөөлөргө атайылап баңгизатып таштоо жолу менен опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушкандыгы аныкталды.

"Топтун мүчөлөрүнүн ортосунда ролдорду бөлүштүрүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул биринчи жолу болуп жаткан факт эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

26-июнда ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр Т.Д., М.А., У.А. жана Т.Н., ошондой эле ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери милициянын кенже лейтенанты Ж.И., улук лейтенанттар Ч. З. жана Б.Б. кармалды.

Азыр ИИМдин тергөө кызматы пара талап кылган башка укук коргоо кызматкерлерин аныктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13506