Мамлекеттик казынага жол эрежелерин бузуудан 241 миллион сом түштү
RU

Мамлекеттик казынага жол эрежелерин бузуудан 241 миллион сом түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл башынан тарта жол эрежелерин бузуудан алынган айып пулдун эсеби 241 млн. 310 765 сомго жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 38 млн. 647 865 сомго көп. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалынынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Алты айда жол кыймылынын эрежелерин бузган 486 083 айдоочу аныкталган;
  • 37 784 автоунаа айып токтотмосуна токтотулган. Жол кыймылынын кооопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча 5 440 айдоочу машинесин мас абалында айдаган;
  • 4910 айдоочу автоунаасын тиешелүү документтери жок айдап жүргөн. 200 миңге жакын айдоочу жол белгилерине баш ийген эмес;
  • 150 миңге чукулу коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айып пул төлөшкөн. 71 миңден ашуун айдоочу ылдамдыкты ашыра айдап, кармалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13508