Футболчу Гүлжигит Алыкуловго операция жасалды
RU

Футболчу Гүлжигит Алыкуловго операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

kaktus.kg редакциясынын "Саясат эле эмес" рубрикасынын кезектеги коногу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун мурунку оюнчусу Гүлжигит Алыкулов.

- Саламатсызбы, Гүлжигит? Кандай жүрөсүз, CAFA турниринен кийин эс алып жатасыңарбы?

- Саламатсызбы! Чынын айтсам CAFA турниринен кийин операция болдум. Мен көптөн бери мурдумду карабай, мурдум бүтүп, азыр операциядан кийин жакшы болуп калды. Кахрамон Халматович деген жакшы лор-дарыгер операция кылды. Андан кийин режим сактап жүрдүм. Эми эле машыгууга кириштим.

- Сизди "Кыргызстандын Мессиси" деп коюшат го. Бул кандайдыр бир жоопкерчилик туудурбайбы?

- Чынын айтсам, бул кайдан чыкканын билбейм. Мен Белорусста ойноп жүргөндө бир оюнда 3-4 оюнчуну өзүбүздүн дарбазадан атаандаштардын дарбазасына чейин алдап өтүп, пас бергем. Ошондон башталса керек. Анткени мен анда 19 эле жашта болчумун. Ошондон кийин "Месси" деп башташты го. Ошол учурду азыр кайра-кайра карап, өзүм тепсем болмок беле деп ойлонуп коём. Анткени, мен пас берген бала гол жарата албай калган да. Балким, мен тепсем гол жаралат беле деп коём. Ошол жактан келди окшойт бул ысым.

Эми жоопкерчилик боюнча билбейм. Негизи өзүмдүн командама жардам берип, ийгилик жаратсам жетишет деп ойлойм.

- Негизи "Кыргызстандын Мессиси" деген жагабы?

- Албетте жагат. Себеби, Месси өзүмдүн жакшы көргөн оюнчум. Анан жакшы көргөн оюнчумдун ысымын мага берип жатышса, албетте жагымдуу, жагат.

- Балким бул дагы кандайдыр бир жоопкерчиликти арттырып, алдыдагы дагы чоң ийгиликтерге түрткү болобу дейм да?

- Жок, бул өзүңдөн. "Кыргыздын Мессиси" деп койсо эле "ооба, мен ошондой" дебей, өзүң ойноп, "дисциплина бьет класс" деп коюшат го. Оюнга басым жасап, иш жүзүндө жыйынтык көргөзүш керек деп ойлойм. Машыгууга 100 эмес 120% берилсе эле жыйынтык чыгат деп эсептейм.

- Улуттук кураманын жаңы машыктыруучусу Штефан Таркович менен CAFA турниринде ойноп, улуттук курама 4-орунга ээ болду. Оюн сиздин оюңузча кандай өттү? 3-орунду алып же финалга чыгууга эмне жетишкен жок деп ойлойсуз?

- Өзүңүздөр билгендей эле Иран абдан күчтүү команда. Дүйнөлүк рейтингде 24-25-орундарды ээлейт. Алар менен ойноо биз үчүн дагы бир чоң тажрыйба болду. Мындай командалар менен ойноп турушубуз керек. Өзүбүздүн натыйжаларбызды, оюндарыбызды күчтөндүрүү үчүн мындай оюндар сөзсүз керек.

Штефан Тарковичтин өзүнүн тактикасы бар. Эми-эми эле иштешип баштабадыкпы, өтө жакшы машыктыруучу. Алдыда көптөгөн жеңиштер күтүп жатат деп ойлойм. Алдыда бизди Азия оюндары күтүп жатат. Аларга жакшы даярдык көрөбүз. Буюрса, баары алдыда.

Маектин уландысы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13511